Кыргызстандык Пиримбек Мурзапаров кечээ, 13-октябрда Кореянын Чонджу шаарындагы Jeonju Millennium Hanji музейинде салттуу ханжи кагазынын кантип жасалышын көрсөттү.
Маалыматка караганда, ханжи – корей элинин салттуу ыкма менен даярдалган кагазы. Аны жасоо өнөрү кылымдардан бери сакталып, муундан муунга өтүп келет. Ханжи кагазы бышыктыгы жана узак убакытка чейин сакталышы менен айырмалангандыктан тарыхый китептер дал ушул кагаздан жасалган. Айрым байыркы ханжи документтери миң жылдан ашык убакыт өтсө да сакталып калган.