
Ош шаарында жарандарды алдап, изин жашырып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы 14-октябрда маалымат таратты.
Жабырлануучунун айтымында, шектүү Chevrolet Epica үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, акчасын 2026-жылдын 15-августуна чейин толук төлөп берүүнү убадалап, аны аткарган эмес. Кийинчерээк ал унааны башка жаранга арзан сатып, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Д. М. Баткендин аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган жаран ушул сыяктуу бир нече алдамчылыкка шектелип жатат.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.