Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиасов Бангладештин делегациясы менен жолугушту.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууга Бангладештин тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиам баштаган делегация катышты.
Тараптар эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо жана эмгек миграциясы тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, тажрыйба алмашуу жана тиешелүү мекемелер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.