Биз социалдык тармакта

Депутат анын сөзү соцтармактарда туура эмес тарап жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Аматов комитетте Кызыл-Кыя шаары жөнүндө айтканы туура эмес нукка бурмаланып кеткенин айтты.

"Соцтармактарда "депутат Кызыл-Кыя шаарына бир миллиард сом берүүгө каршы чыкты" деген маалымат тарап кетиптир. Мен эч качан Кызыл-Кыянын тургуну катары калаага каршы чыкпайм. Бул жерде туура эмес маалымат кетип калыптыр",- деди эл өкүлү.

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев: "Туура, кантип эле өзү чыккан округга каршы чыкмак эле? Тескерисинче, "акча бергиле" деп чуркап жүрөт",- деп кошумчалады.

Депутат анын сөзү соцтармактарда туура эмес тарап жатканынын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан