
Чүй облусунун Москва районунда унаасына уруксат берүүчү документтери жок пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз олжолонгон кыргоол, балыктар табылды. Бул факт боюнча аталган жаранга 10 миң сом айып пул салынды.
Министрлик мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын маалымдайт.