Биз социалдык тармакта

Манаста мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайдын курулушу токтотулду

Манас шаарында уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан таунхаус тибиндеги көп батирлүү турак жай аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, объект Алмабак көчөсүндөгү 182/2, 182/3, 182/4 жана 182/5 даректеринде жайгашкан.

Текшерүү учурунда курулуштун долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени, ошондой эле белгиленген курулуш ченемдери бузулуп, сапаттык кемчиликтер орун алганы аныкталган.

Натыйжада, куруучу Э.М.Ы.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик чара көрүлүп, айып пул салынды. Мындан тышкары, курулуш иштери убактылуу токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан