Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсүнүн 2,5 чакырымдык тилкесине асфальт төшөө иштери башталды. Оңдоо иштерин 10 күндүн ичинде бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте көчөнү кыдырып, оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Шаар мэри асфальт төшөө иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттүн так сакталышына көңүл бурууну тапшырды.
Маалыматка ылайык, жумуштар жол тыгындарын алдын алуу жана шаар тургундарына келтирилүүчү ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында күнү-түнү жүргүзүлөт.