Орусиялык ырчы Navai (Наваи Бакиров) Казакстанда кармалганы кабарланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, ырчы 13-октябрда Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жатканда “Кордай” чек ара бекетинен кармалган.
Казакстандын полициясы текшерүү учурунда ырчы бара жаткан унаадан баңгизат табылганын билдирген. Ал эми Baza Telegram каналы табылган зат марихуана экенин жазды.
Белгилей кетсек, Navai 12-октябрда Бишкекте концерт берген.