Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер контингенти ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2026" машыгуусунда жалпы турнирдик эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "Лосвидо" полигонунда өтүп жаткан машыгууга Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттери катышты.
Белгилей кетсек, аталган машыгуулардын алкагында ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу, ошондой эле медициналык камсыздоо бөлүктөрүнүн катышуусунда биргелешкен көнүгүүлөр өткөрүлдү.