Биз социалдык тармакта

Экс-депутат Шайлообек Атазов соттон акталганын билдирди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов соттон акталганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Айтымында, сот 14-октябрда анын иш-аракетинде эч кандай кылмыштын курамы жок деп таап, сот залынан бошоткон.

Атазов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү", "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Массалык баш аламандыктар" беренелери боюнча айыпталып жаткан.

Эске салсак, өткөн жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен 10 адам кармалган. Алардын арасында Атазов да бар болгон.

Кармалгандар 17-январга чейин камакка алынышкан. Январда алардын камактагы мөөнөтү 17-мартка чейин узартылганы маалым болгон. Атазов ушул жылдын январь айында үй камагына чыгарылган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан