Биз социалдык тармакта

Стамбулдун көчөлөрүн жамгырдан кийин суу каптады (видео)

Кечээ, 14- октябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Туркиянын ири шаарларынын бири Стамбулду суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жамгыр үйлөрдү, ишканаларды, жолдорду жана жер астындагы өтмөктөрдү каптап, жол кыймылы үзгүлтүккө учурады.

Аталган шаардын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бир күндө 2518 кайрылуу болгонунун билдирип, 76 унаа, 808 турак үй жана 280 ишкана суу астында калганын кошумчалады.

Стамбул губернатору Давут Гүл 15-октябрда мектептер ишин убактылуу токтотконун билдирди. Ошондой эле тургандарга жана конокторго түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Стамбулдун көчөлөрүн жамгырдан кийин суу каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан