Биз социалдык тармакта

Түндүк Корея Япон деңизинде стратегиялык ракеталарын сынады 

Түндүк Корея кечээ, 14-октябрда Япон деңизинде суу астынан учурулуучу стратегиялык канаттуу ракеталардын эки түрүн сынады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдирди.

Маалыматка караганда, сыноонун максаты суу астындагы курал системаларынын даярдыгын текшерүү жана деңиз күчтөрүнүн стратегиялык тапшырмаларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүү болду. Сыноолор Түндүк Кореянын коргонуу каражаттарынын ишенимдүүлүгүн көрсөтүп, коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жараткан эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрү Түндүк Корея Япон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан