14-октябрда Ысык-Көл облусуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери баштаган делегациялар келишти.
Алар КМШүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин отурумуна катышат.
Делегациянын катарында Азербайжан, Беларусь, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин делегациялары, ошондой эле КМШнын катчылыгынын өкүлдөрү бар.
Отурумдун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин коргонуу жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана тиешелүү документтерге кол коюу пландалууда.