Өлкөнүн таланттуу жарандары КМШ мамлекеттеринин XX юбилейлик жаштар дельфий оюндарында байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, дельфий ондары 5-октябрдан 9-октябрга чейин Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн. Ага Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген 10 жаштан 25 жашка чейинки 350дөн ашуун жаш талант катышкан.
Сынактын программасы 10 номинацияны камтыды. Алар: фортепиано, скрипка, сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, элдик ырды жеке аткаруу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, көркөм кол өнөрчүлүк, үйлөмө жана элдик музыкалык аспаптар. Байге алгандар:
- Ольга Севостьянова "Академиялык ырдоо" номинациясынан алтын медаль уткан.
- Арууке Аскаралиева "Сүрөт искусствосунан" күмүш байге.
- "Шаттык" элдик үлгүлүү бий ансамбли "Элдик бий" номинациясынан күмүш медаль.
- Арина Карпова "Көркөм кол өнөрчүлүктөн" коло байге.