Талас шаарындагы "Талас Арена" стадионунун ачылыш аземи 2-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, стадиондун ачылышы Жогорку лиганын 29-турунун алкагындагы "Талант" - "Азия" футбол клубдарынын беттеши менен уланат.
Жаңы стадион 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталды. Комплекстин аймагында жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жай курулду. Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал жана фитнес-залы орун алды. Стадиондун негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, анын айланасында чуркоо жолдору курулат.
Белгиленгендей, "Талас Арена" 2026-жылдын башында негизделген "Азия" футбол клубунун өз стадиону болот.