Японияда дарыгерлер хирургиялык роботту алыстан башкарып, ичеги рагы менен ооруган бейтаптарга беш операция жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, операция учурунда бир хирург роботту түздөн-түз башкарып, экинчи дарыгер алыстан туташып, жардам берди. Бул Японияда мындай ыкма менен жасалган алгачкы клиникалык операция болду. Уюштуруучулар ыкманын коопсуздугун текшергенден кийин аны кеңири колдонууга уруксат алууну пландап жатышат.