Бүгүн, 15-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын баяндамасы угулуп, аны жактыруу чечими добушка коюлду.
Добуш берүүдөн соң депутат Таалайбек Сарыбашов жанындагы кесиптешинин баскычын басам деп жатып, өзүнүн добушун туура эмес берип алганын айтты.
"Мен аркы кошунаныкын дагы басам деп, өзүмдүкүн каршы кылып коюпмун. Жамила Акматбековна (ред.: акыйкатчы) капа болуп калбасын, мен негизи макулмун",- деди ал.
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев: "Кошунаныкын баскан жоксуз, кокустан басылып кетти десеңиз" деди. Бул учурда эл өкүлдөрү күлүштү.