Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы рэпер Navai боюнча иш текшерилип жатканын маалымдады

Чек ара кызматы Кыргызстандан Казакстанга өтүүдө Navai аттуу рэперден баңгизат табылганы боюнча текшерүү иши жүрүп жатканын биздин порталга тастыктады.

Маалымдалгандай, факт боюнча "Ак-Жол" өткөрүү пунктунда кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынат.

Айта кетсек, рэпер кечээ, 14-октябрда Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда кармалган. Анын унаасынан баңгизат табылган. Рэпер тергөөдө маңзатты Бишкектен алганын айткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан