АКШда 23 жашка чейинкилер арасынада өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн египеттик Мухаммед Аламелдин алтын медаль утту.
Ал 97 килограмм салмакта күч сынашты. Спортчунун машыктыруучусу Азат Эркимбаев.
Айта кетсек, Эркимбаев 2024-жылдын аягында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучулугунан кетип, 2025-жылдын август айында Египттин грек-рим күрөшүнүн улуттук курамасына башкы машыктыруучу болуп барган.