Бүгүн, 15-октябрдан тарта 2027-жылдын 15-майына чейин Төө-Ашуу ашуусунда жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол милициясы билдирүү таратты.
Мындай чектөө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана кыш мезгилинде жаралышы мүмкүн болгон жол кырсыктарынын алдын алуу максатында кабыл алынган.