Садык Шер-Ниязтүрк дүйнөсүнүн кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн сыйланды
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз түрк дүйнөсүнүн кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн сыйланды. Мындай маалымат Маданият министрлигинин бүгүн, 15-октябрдагы билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматта ага сыйлык 9-октябрда Түркиянын Анкара шаарында түрк дүйнөсүнүн документалдуу кинофильмдеринин XI фестивалынын жыйынтыктоочу аземинде берилгени белгиленет.