Бишкекте 11 айлык наристе рак илдетинен айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда бөбөктүн апасы Роза Курбанбекова SUPER.KG порталына билдирип, уулун Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнөн алып чыгып кетип жатканы тартылган видеону бөлүштү. Анда онколог Файозбек Тураббаев наристени колуна көтөрүп чыгып, ракты жеңди деген коңгуроону какты.
Роза айым Оштон 7 ай мурун аталган ооруканага уулун алып келип, дарылатып жүргөнүн билдирди. Наристе шилекей бездеринде сейрек кездешүүчү шишик менен жабыркап келген.
Эскерте кетсек, 2 күн мурун Таластан келген кыз да жаман илдеттен айыкканын билдирген.