Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жүрөгү кармаган жаранды ооруканага жеткирип, анын өмүрүн сактап калууга жардам беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кызматкерлер мектеп окуучуларынын жыйынына катышуу үчүн барган учурда болду. Анда жарандардын биринин ден соолугу күтүүсүздөн начарлап, жүрөгү кармаган. Кызматкерлер дароо жардамга келип, жаранды кызматтык унаа менен Бишкектеги №1 ооруканага жеткиришти.
Натыйжада ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү.