Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Камбоджанын премьер-министри менен жолугушту

Бүгүн, 15-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын борбору Бакуда Камбоджанын премьер-министри Хун Манет менен жолугушту.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, тараптар эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурушкан. Мамлекет башчысы Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Камбоджа ишкерлерин Кыргызстандын келечектүү инвестициялык демилгелерине катышууга чакырган.

Өз кезегинде Хун Манет эки тараптуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, биринчи кезекте, соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеген. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-камбоджа мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан