Биз социалдык тармакта

Орусиялык ырчы Navai Казакстанда эки айга камакка алынды

Казакстанда орусиялык рэпер Navai (Наваи Бакиров) баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деп шектелип, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Жамбыл облусунун Кордай райондук соту рэперди тергөө учурунда камакта кармоо чечимин чыгарган.Казакстандын сот органдары жана укук коргоо органдары бул иш боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. Алар өлкөнүн Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 201-беренесине, башкача айтканда, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Эскерте кетсек, рэпер кечээ, 14-октябрда Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда кармалган. Анын унаасынан баңгизат табылгандыгы болжолдонду. Кыргызстандын чек ара кызматы аталган окуя боюнча текшерүү иши жүрүп жатканын билдирди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан