АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстанга 17-22-октябрда келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Самаркандга ал АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусуна катышуу үчүн келет.
"Жолугушуу Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды бириктирет. Жалпы жолугушуудан тышкары, Рубио аймактагы беш өлкөнүн ар биринин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сапар 200дөн ашык америкалык бизнес өкүлдөрүнүн келиши менен коштолот. Сүйлөшүүлөрдө кайсы маселелер талкууланары азырынча ачыктала элек", - деп белгиленди маалыматта.