Өлкө башчы Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барат. Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысы ал өлкөдө 15-17-октябрь күндөрү болот.
Маалыматта Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча баратканы белгиленген. Сапардын алкагында өлкө башчысы БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган лидерлердин саммитине катышат. Ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.