14-октябрда Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде “Токол той” аттуу үй-бүлөлүк комедиянын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.
Тасмада акчага азгырылып, туура эмес чечим кабыл алуудан сак болуу, адамдык баалуулуктар жана үй-бүлөлүк мамилелер сыяктуу темалар жеңил юмор аркылуу чагылдырылган.
Жабык көрсөтүүгө келген коноктор тасманы көрүп, өз пикирлерин билдиришти.
“Токол той” тасмасы 22-октябрдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт.