Кемин-Орловка унаа жолунда мас абалында скутер башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, скутерде үч адам баратканы, алардын экөө коргоочу шлем кийбегени аныкталган. Айдоочу унааны токтотуу учурунда милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.
Анын оозунан алкоголдук ичимдиктин жыты чыккандыктан, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында айдоочунун мас абалында экени тастыкталган.
Скутер айып короого токтотулуп, айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлгөн.