Кытайлык кыргыз кызы Риза Кытайдан алып келе жаткан буюмдары Кыргызстандын чек арасынан өткөрүлбөй жатканын айтып, социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Анын айтымында, ал Кытай жана Казакстандын чек араларынан эч кандай тоскоолдуксуз өткөн. Бирок Кыргызстандын чек арасына келгенде буюмдарынын көптүгү себеп катары көрсөтүлүп, өткөрүлбөй жатканын билдирген.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү органдар түшүндүрмө бере элек.