19-октябрдан 23-октябрга чейин Боом капчыгайында унаа кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Бул убакыт аралыгында унаалардын өтүүсү жолдун бир тилкеси аркылуу уюштурулат. Эгер унаалардын саны 30–40ка жетсе, транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн иштер убактылуу токтотулуп турат.
Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, жолдо кармалып калуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу сунушталат.