Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кең-Сай массивине барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө шаар башчысы Мээркан айылынан Кең-Сай массивине алып баруучу жолдун курулушу менен таанышып, аймакка таза суу жеткирүү жана электр мамычаларын орнотуу пландарын карап чыкты.
Аталган иштердин негизинде Кең-Сай массивинин башкы планы түзүлөт. Мындан аркы иштер ушул планга ылайык жүргүзүлөт.