Орусиянын Алматы шаарындагы башкы консулдугу рэпер Navai'нин иши боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, дипломатиялык өкүлчүлүк рэпердин кармалгандыгы тууралуу маалыматты жаңылыктардан гана угушкан. Анткени Казак бийлиги расмий түрдө билдирүү жасабагандыгы белгилүү болду.
Камалган жарандын абалын билүү жана консулдун ага кирип чыгуусуна шарт түзүп берүү үчүн кат жолдонгон.
Эскерте кетсек, орусиялык рэпер 13-октябрда "Кордай" чек арасында кармалган жана Казак бийлиги аны эки айга камакка алганы белгилүү болду.