Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев кыргыз тилинен өтпөй калган "жазуу" субтестин кайра тапшыра алышат. Бул тууралуу "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматта алар президенттик шайлоого катышуу үчүн тест тапшырышып, анда "жазуу” субтестинен жетиштүү балл ала алышпай калышканы айтылат. Мекеме жалпы ички тартибине ылайык, субтесттин бирөөнөн 50-59 балл алып, өтпөй калган жарандар тестти 3 жумушчу күндөн кийин кайра тапшыра алышарын белгиледи.