Кечээ, 16-октябрда Ош шаарында бир катар жаңы эс алуу бактары пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиргендей, 2026-жылдын башынан бери жалпы аянты 56 гектардан ашкан аймакка 33 сейил бак жана эс алуу жайлары түзүлдү. Жаңы курулган жана көрктөндүрүлгөн эс алуу жайларында жалпысынан 650 түп бак-дарак жана бадал отургузулуп, 75 миң түп гүл эгилди. Ошондой эле газон чөбүнүн уруктары себилди.
Ачылыш аземине мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Мэр курулуш компаниялар кызыгып жаткан жерлерге аллеяларды, эс алуучу жайларды куруп жатканын билдирип, бул тургундардын кызыкчылыгы экенини айтты.