Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга 2027-жылы 400 чет элдик жаран иммиграциялана алат

Министрлер кабинети 2027-жылы Кыргызстанга иммиграциялоого уруксат берилүүчү чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдардын санын 400 деп бекитти.

Бекитилген квотага ылайык, алардын 100ү Бишкекке, 30у Ош шаарына жайгаштырылат.

Ал эми облустар боюнча квота төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Баткен облусу — 10 адам;
  • Жалал-Абад облусу — 50 адам;
  • Ысык-Көл облусу — 20 адам;
  • Нарын облусу — 20 адам;
  • Ош облусу — 50 адам;
  • Талас облусу — 10 адам;
  • Чүй облусу — 110 адам.

Эмгек министрлиги квотанын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшүнө ар үч ай сайын талдоо жүргүзүп турары маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан