Колумбиялык ырчы Шакиранын бий тобунун башчысы Дарина Литтлтон баштаган бийчилер жана ырчынын командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу Дарина социалдык тармактагы баракчаларынан билдирип, сүрөттөрүн жарыялады.
"Керемет маанай жана кооз көрүнүштөр. Салам, Бишкек!" - деп жазып калтырган Дарина "Ала-Арача" паркында эс алып жүрүп.
Эске салсак, эртең, 18-октябрда "Бишкек Аренада" дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы Шакира өзүнүн концертин берет. Учурда өлкөгө бир нече мамлекеттерден туристтер келүүдө. Ал эми бүгүн ырчы Шакиранын да борборго келиши күтүлүүдө.