Кечээ, 16-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын борборунда мигранттарга каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ОМОНдун кызматкерлери Сенной базарынын жанындагы Москва проспектисин курчоого алышкан. Ал жерде мечит жайгашып, жума намаз окулуп жаткан учурга туш келди.
"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жакын жердеги хостелдерди жана кафелерди да текшеришкен. Рейд учурунда ондогон адам кармалды. Алардын каттоосу, миграциялык карталары жана иштөөгө уруксат берүүчү документтери текшерилүүдө. Рейдге аскер комиссариатынын кызматкерлери да катышкан. Алар Орусиянын жарандыгын жакында алган чет элдиктердин аскердик каттоого турган-турбаганын аныктап жатышат", - деп белгиленди маалыматта.
ТАСС агенттигинин булагынын маалыматына ылайык, аскер комиссариатына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылып, бирок барбай жаткан ондогон адам аныкталды.