Биз социалдык тармакта

Бишкекте 200гө чукул арыздын негизинде мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды

Достук айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкелерине байланыштуу жарандардын арыздарынын негизинде алдамчылыкка шектелген мурдагы айыл өкмөт башчысы жана кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинен билиришти.

Маалым болгондой, ушул эле жагдай боюнча 185 ашуун жарандан арыз түшкөн. Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Анын жүрүшүндө К.Н. жана С.К. аттуу мурдагы айыл өкмөт башчысы жана кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалышты.

Тергөө уланууда. Кошумча жабыркагандар бар болсо милиция 0(500) 432 815, 0(706) 411 515 же 102. номурларына кайрылууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан