Эртең, 18-октябрда "Бишкек Аренада" болуучу концертке байланыштуу №23, №100, №35 жана №45 автобус каттамдарынын кыймыл-чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул аркеттер иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө.
Муниципалитет жүргүнчүлөрдү сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырып, калган автобус каттамдары кадимки тартипте иш алып барарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, колумбиялык ырчы Шакира эртең Бишкекте концерт берет.