Биз социалдык тармакта

Абу-Дабинин ханбийкеси Лондондо соттолду. Себеби

Абу-Дабинин ханбийкеси Махра аль-Нахайян Лондондун көчөлөрүнүн биринде өзүн билбеген абалда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы ханбийке өз үйүнүн жанында бут кийимисиз, чемоданы жана чачылган буюмдары менен отурган. Анын жанында үч жаштагы баласы болгон. Бала жолго чуркап чыгып, ойноп жүргөндө табылганы маалыматта кошумчаланды.

"Ханбийке бир нече күн тыюу салынган заттарды колдонгондон кийин эсин жоготкон. 13-октябрда сот аны балага тийиштүү кам көрбөгөнү үчүн күнөөлүү деп таап, эки жылдык көзөмөл жазасын, милдеттүү реабилитациядан өтүүнү жана 6 миң фунт стерлинг айып пул төлөөнү милдеттендирди. Сотто ханбийке балага жетиштүү көңүл бурбай калганын гана моюнуна алды. Абу-Дабинин башкаруучу династиясынын байлыгы 250 миллиард фунт стерлингден ашат. Ал эми Махра жеке чыгымдары үчүн ай сайын 8 миң фунт стерлинг алат", - деп белгиленди маалыматта.

Абу-Дабинин Лондондо өзүн билбей жаткан абалда табылган ханбийкеси соттолду. Себеби
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан