Биз социалдык тармакта

Эртең "Бишкек Аренага" акысыз автобустар менен кантип жетсе болот? Даректер

Эртең, 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтө турган Шакиранын концертине бара турган көрүүчүлөр үчүн 6 жерде акысыз автобустар уюштурулат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирип, коомдук траспорттор элди стадионго жеткирип, концерт бүткөндөн кийин кайра алып кетишерин кошумчалашты.

Маалым болгондой, автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин ар бир 4–6 мүнөт сайын каттайт.

Акысыз автобустар төмөнкү алты жерден жөнөйт:

  • Өчпөс от - Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Батыш автобекети - Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;

  • Киркомстром - Барпы Алыкулов көчөсү, №32;

  • Көк-Жар - Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;

  • "Глобус" - Аалы Токомбаев, №53/1, Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилиши;

  • Темир жол бекети - Эркиндик бульвары, №1/А.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан