Бүгүн, 18-октябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков дүйнөлүк жылдыз Шакираны Бишкекте тосуп алганын билдирди.
Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, ырчынын жөнөкөйлүгүн белгиледи.
"Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди, атактуу ырчыны тосуп алдык. Сахнада миллиондогон күйөрмандарды суктандырган дүйнөлүк жылдыз жашоодо абдан жөнөкөй, тыпыйган, назик айым экен. Айрыкча колдору кичинекей жана назик. Концерт элге жагып, дүйнөлүк жылдыздарды кабыл алган Кыргызстаныбыз ааламга таанылып, кадыры бийиктесин!" - деп жазды Орунбеков.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк жылдыз Шакиранын Бишкектеги концерти бүгүн "Бишкек Аренада" өтөт. Ага дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн күйөрмандар келери күтүлүүдө.