Бүгүн, 18-октябрда кыргызстандык балбан Юхан Догдурбек уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.
Маалыматка караганда, 61 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан балбан финалга чейин Өзбекстан, Кытай жана Армениянын өкүлдөрүн жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште Догдурбек уулу АКШнын өкүлү Бенжамин Адам Давино менен күрөшүп, 1:4 эсебинде жеңилип калды.
Белгилей кетсек, буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Кубаныч Арынов менен Эрлан Марс уулу коло медаль утушкан. Юхан Догдурбек уулунун күмүшү Кыргызстан курамасынын бул чемпиондуктагы үчүнчү байгеси болду.