Франциянын бир катар шаарларында кечээ, 17-октябрда өткөн нааразылык акциялары учурунда белгилүү бренддердин дүкөндөрү тонолуп, башаламандык катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо Бордо шаарындагы Louis Vuitton, Nocibé, KIKO Milano жана Sephora дүкөндөрүндөгү окуялар көрсөтүлдү.
Маалыматка караганда, Париж, Марсель жана Лион шаарларында да башаламандык болуп, айрым дүкөндөр тонолуп, Лиондо туристтик маалымат борбору өрттөлдү. Франциянын президенти Эммануэль Макрон башаламандыкка катышкандар жазасыз калбай турганын белгиледи.
"Биздин республикада зомбулукка орун жок. Имараттарды талкалап, дүкөндөрдү тоногондор мыйзам алдында жооп беришет", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.