Жамиля Шаршеналиева аттуу Инстаграм баракчасынын колдонуучусу дүйнөлүк ырчы Шакиранын "Whenever, Wherever" чыгармасын кыргыз тилинде аткарып, видеосу менен бөлүштү.
Ал ырдын кыргызча котормосунда элдин меймандостугун жана кең пейилдигин даңазалап, Кыргызстанга келген конокторду кучак жайып тосуп аларын ырдады.
Белгилей кетсек, Шакиранын Бишкектеги концерти бүгүн, 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтөт.