Колумбиялык ырчы Шакира Кыргызстанга келгенден кийин социалдык тармактагы баракчасына кыргыз жергесинде тартылган сүрөттөрүн жана видеолорун жүктөп жатат. Алардын арасында суусар тебетей кийген сүрөтү да бар.
Белгилей кетсек, Шакиранын Бишкектеги концерти бүгүн, 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтөт.