
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков дүйнөлүк жылдыз
Шакираны аба майдандан гүлсүз тосуп алышканына
түшүндүрмө берди.
"Эмнеге гүл берген жоксуң?” деген суроолорго, алардын протоколу боюнча Шакира гүл албайт экен. Кадыр-барктуу коноктор, таанымал адамдар бизге дагы да көп келе берсин, туристтик потенциалыбыз жогоруласын!",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Ал ошондой эле Шакираны тосуп алуу үчүн даярдалып, бирок берилбей калган гүлдүн сүрөтүн жарыялап, "биз бул гүлдү даярдадык эле, берилбей калды" деп белгиледи.
Айта кетсек, кечээ, 18-октябрда Шакираны аэропорттон тосуп алуу үчүн Орунбеков
барган. Интернет колдонуучулары анын гүлсүз барганын сынга алышкан.