Биз социалдык тармакта

Орусияда мушкер Ибрагим Исламовго ок атылды (видео)

18-октябрга караган түнү Орусиянын Владикавказ шаарында поп-ММА мушкери Никархо каймана аты менен белгилүү Ибрагим Исламовго ок атылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, 28 жаштагы мушкер көчөдө бир топ жаш жигиттер менен жаңжалдашкан. Жаңжал учурунда алардын бири травматикалык тапанча менен Исламовго бир нече жолу ок чыгарган.

Ок атылгандан соң Исламов жана дагы бир жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк жаңжалга катышкандардын баары табылып, алардын бири кармалган.

Бул факт боюнча ден соолукка орточо оордуктагы зыян келтирүү жана куралды мыйзамсыз сактоо беренелери менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери Түндүк Осетиянын Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Орусияда мушкер Ибрагим Исламовго ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан