Биз социалдык тармакта

Өлкө туусунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн кайтты 

Кечээ, 18-октябрь күнү 79 жаш курагында мамлекеттик туунун авторлорунун бири, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбеков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Эдил Айдарбеков 1947-жылы 21-февралда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктап, эмгек жолунда "Кыргызгипрострой" жана "Фрунзегорпроект" институттарында архитектор катары өлкөнүн шаар куруу тармагына чоң салым кошкон. 1976-жылдан тартып СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.
Анын эң башкы тарыхый эмгеги — 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган мамлекеттик тууну иштеп чыгууга катышкандыгы. Ал Жайчыбеков, Иптаров, Матаев жана Сыдыков менен биргеликте өлкөнүн башкы символунун авторлошу болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан